Жаңылыктар
БШК тарабынан уюштурулган маалымат борбору ишин баштады
Шайлоо 2023
БШК тарабынан уюштурулган маалымат борбору ишин баштады

БШКнын Хаят мейманканасында уюштурулган маалымат борбору саат 7.50 дө ишин баштады. Мурдатан даярдалган КТРКнын түз алып көрсөтүүчү жабдыктары таңкы саат 7 ден баштап даярдалып, туура 7.50 дө түз эфирде чагылдырылып баштады. 

Бүгүнкү шайлоо күнү ачылганы жарыялангандан кийин, БШКнын төрайымы шайлоо жараяны тууралуу кенен маалымат берди. Маалыматка караганда бүгүн добуш берүүчүлөр 17 талапкердин бирине же баарына каршы добушун берет. Ал эми экинчи бюллетень аркылуу мамлекеттик башкаруунун түрүн тандайт. 

Кыргызстан эгемендик алгандан бери сегизинчи жолу референдум өтүп жатканын айта кетели. Өлкө боюнча 2 миң 394 шайлоо участогу ачылды. Анын ичинде 28 мамлекетте 48 шайлоо участогу ачылды. Шайлоочулардын так саны 3 миллион 563 миң 574, бул 2017-жылдагы президенттик шайлоого караганда 537 миң 804 же 18 пайыз добуш берүүчүгө көп.