Жаңылыктар
БШК: Кыргызстанда саат 10:00гө карата 99 миң 772 шайлоочу добуш берди
Шайлоо 2023
БШК: Кыргызстанда саат 10:00гө карата 99 миң 772 шайлоочу добуш берди

Кыргызстанда саат 10:00гө карата 99 миң 772 шайлоочу добуш берди. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында кабарлады. 

Бул жалпы шайлоочулардын 2,8 пайызын түзөт. Добуш берүүгө активдүү катышып жаткандар Ош облусунда катталууда. Андан кийин Ысык-Көл облусу жана Бишкек шаарында болууда.