Жаңылыктар
Шайлоонун жүрүшүн 11 өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырууда
Шайлоо 2023
Шайлоонун жүрүшүн 11 өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттары чагылдырууда

Кыргызстандагы мөөнөтүнөн мурда президентти шайлоо жана референдумду өткөрүү жараянын чагылдыруу үчүн 11 өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын 92 өкүлү Тышкы иштер министрлигинин алдында аккредитацияланган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

30-декабрга карата ТИМ төмөнкү өлкөлөрдүн өкүлдөрүн каттаган: Россиядан 33, Япониядан 5, Улуу Британиялык 14, АКШдан 1, Франциядан 5, Катардан 4, Германиялык 19, Украинадан 1, Тажикстандан 2, Беларусьтан 4, Азербайжандан 4 ЖМК өкүлү.

Ошондой эле президентти шайлоону чагылдырууга Кыргызстандын 217 ЖМК өкүлү, ал эми референдумду чагылдырууга 51 ЖМК өкүлү аккредитациядан өткөн.