Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымат жыйынында билдиргендей, Кыргызстанда саат 12ге карата добуш бергендер жалпы шайлоочулардын 9,28% пайызын түздү.
Шайлоочулардын акыркы тизмесине 3 млн 563 миң 574 жаран катталган болсо, азыркы сааттарга добуш берген жарандардын саны 330 609 түздү.
Добуш берүүгө активдүү катышып жаткандар Ош облусунда катталууда. Андан кийин Ысык-Көл облусу жана Бишкек шаарында болууда.