Жаңылыктар
Өлкөнүн бир нече аймагы кайрадан селден жабыркады
Өзгөчө кырдаал
Өлкөнүн бир нече аймагы кайрадан селден жабыркады

Жалал-Абад облусунун Аксы, Токтогул жана Ала-Бука райондорунда сел жүрдү. Айылдардагы бир катар турак-үйлөрдү суу каптады. Жолдорго шагыл түшүп, каттамдар убактылуу токтоп, кайра ачылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

Ал эми, Баткен облусунун Кадамжай районунда болгон селден Ош-Айдаркен жолунун четин суу жууп кетип, жолдун Жийделик айылынан өткөн участкасында каттамдын бир тарабы жабылып калган. Бул аймактарда тазалоо иштери уланууда. Синоптиктер ушул күндөрү Кыргызстанда сел коркунучу күчтүү экенин эскертип жатат.