Жаңылыктар
Россиядагы мекендештер добуш берүүдө
Шайлоо 2023
Россиядагы мекендештер добуш берүүдө

Россияда 15 шайлоо тилкеси эшигин ачты. Шайлоочулардын жалпы саны 31 миңден ашат. Алардын жарымынан көбү Москвада катталган. 

Москва убактысы боюнча эрте мененки саат 8де Россиянын борборунда 5 шайлоо участкасы эшигин ачты: N9001; N9005, N9015, №9016 жана №9017. Жалпысынан Россиядагы мекендештер 15 шайлоо участкасында добушун берет. Алгач 12 шайлоо тилкесин ачуу пландаштырылган, бирок шайлоочулардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу БШК дагы үч шайлоо участогун ачууну чечкен. Алардын бирөө Тюмень шаарында, экөө Москвада.

Россиянын борбор шаарындагы Валовая 6 көчөсүндөгү N627 мектептин имаратында кошумча тилкелер ачылды. Бул жер Добрынинская метросунан жана Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен алыс эмес. Бул шайлоочулар үчүн абдан ыңгайлуу. Анткени, айрым жарандар шайлоочулардын тизмесинен өзүн издөөгө аргасыз болгон учурлар болот. Бул иште мекендештерге ыктыярчылар жардам берет. Алар Кыргызстандын жарандары менен метронун кире беришинде жолугуп, аларды тизмеге ылайык тигил же бул бөлүмгө багыттайт.