Президенттик шайлоодо 1%дан жогору добуш алган талапкерлерге БШК шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында БШКнын алдындагы көзөмөлдөө-текшерүү тобунун жетекчиси Гүлнара Баатырова билдирди.
Эскерте кетсек, шайлоо күрөөсүнүн суммасы 1 млн сомду түзөт. Учурда президенттикке 17 талапкер ат салышууда.