Жаңылыктар
Мелис Аспеков жана Улан Жураев эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди
Коррупция
Мелис Аспеков жана Улан Жураев эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

250 миң доллар пара талап кылган деп шектелип жаткан жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураев эки айга УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу аталган соттун басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр 9-мартка чейин камакта болот.

Эске салсак, 9-январда УКМК жарандык активист Мелис Аспеков менен Улан Жураевди 250 миң доллар талап кылган деген жүйө менен кармаган.