Жаңылыктар
Бүгүнкү добуш берүү күнү республиканын саясий турмушундагы маанилүү окуялардын бири
Шайлоо 2023
Бүгүнкү добуш берүү күнү республиканын саясий турмушундагы маанилүү окуялардын бири

Бүгүнкү добуш берүү күнү республиканын саясий турмушундагы маанилүү окуялардын бири. Кыргызстандыктар мамлекетти башкаруу формасы менен бирге өлкө башчысын тандады. Мөөнөтүнөн мурда өтүп жаткан президенттик шайлоо менен референдум октябрь айындагы саясий кризистен кийин белгиленген.

Академик Абдыганы Эркебаев борбордогу номур бешинчи гимназиянын имаратында добуш берди. Коомдук ишмер бүгүнкү күн мамлекеттин тагдырын белгилей турган дата экенин айтат. Тар жол тайгак кечүүдө турган өлкө үчүн, анын мындан аркы өнүгүү багыты үчүн ар бир жарандын добушу чечүүчү роль ойной тургандыгын белгиледи.

Филолог Сыртбай Мусаев президенттик шайлоодо калың эл алты жылдык келечегин аныктап өлкө башчысын тандаса, жалпы элдик добуш берүү бүтүндөй мамлекеттин келечегин белгилей турганын айтат.

Эгемен Кыргызстан отуз жыл аралыгында президенттик шайлоолордун бир нечесин өткөрдү. Жалпы элдин макулдугун алган референдумдар деле өтүп келген. Бирок, бүгүнкүдөй кризис абалда биринчи жолу өтүп жатат. Мындай пикирин академик Сабырбек Жумабеков билдирди.

Бүгүнкү шайлоодо илимий чөйрө да четте карап турган жок. Алар өнөктүккө чейин эле жарандарды активдүүлүккө чакырып келишкен. Эгемендиктин баа-баркын билип, жарандык позицияны билдирүү зарыл экенин айтышат.