Жаңылыктар
Шайлоо тилкелери жабылды
Шайлоо 2023
Шайлоо тилкелери жабылды

Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоого карата добуш чогултуу үчүн ачылган бардык шайлоо тилкелери эшигин жапты. Эки багыт боюнча өтүп жаткан шайлоого өлкө ичинде 2 миң 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо тилкеси ачылган. 

Данияр Авасов Бишкек шаарындагы №1220 шайлоо тилкесинде добушун берүүгө келген акыркы шайлоочунун бири. Кафе-ресторан жаатындагы тейлөө тармагында эмгектенген 25 жаштагы жигит бул жолку шайлоого чын дилиню менен катышып, салым кошкусу келгенин айтат.

Бул участокто 1528 жаран тизмеге кирген, саат кечки жетиге чукул алардын 38 пайызга жакыны шайлоого катышканы аныкталган. Шайлоо тилкенин төрайымы бул башка шайлоо өнөктүгүнө салыштырмалуу жакшы көрсөткүч экенин белгиледи.

Шайлоонун жүрүшүнө көзөмөл кылган байкоочу жана талапкердин өкүлүнүн айтымында бул шайлоо тилкесинде одоно мыйзам бузуулар кездешкен жок. Жалпы алганда бир күн аралыгында автоматтык эсептөөчү урна эки жарандын бюллетенин окубай коюп, ал мүчүлүштүк дароо жоюлган.

Бүгүн кыргызстандыктар маанилүү, тарыхый учурду башынан кечирип отурат. Азырынча кайсы талапкер алдыга озуп келе жатканын билүүгө мүмкүн эмес. Бардык тилкелерден автоматтык эсептөөдөн өткөн добуштар Боршайкомго келип түшкөндөн кийин алдын ала маалыматтар белгилүү болот.

Бюлеттендерди саноо учурунда көчмө урна менен жыйналган добуштар автоматтык эсептөөчү аппаратка салынып эсептелет. Ал эми колдонулбай калган бюлеттендер тараптардын катышуусунда жок кылынат.