Жаңылыктар
Өлкө тагдырын чечкен тандоодо талапкерлер кайсы аймактардан добуш беришти?
Шайлоо 2023
Өлкө тагдырын чечкен тандоодо талапкерлер кайсы аймактардан добуш беришти?

Өлкө тагдырын чечкен тандоодо талапкерлер кайсы аймактардан добуш беришти? Биздин кабарчылар таң эрте алар менен байланышып, айрымдарынын добуш берүүсүнө катышып келишти. 

Добуш берүү кагазында биринчи номурда жайгашкан талапкер Садыр Жапаров Бишкектеги №1053 шайлоо участогунан добуш берди. Талапкер менен бирге добуш берүүгө жубайы да чогуу барган. Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна да жооп берип, коомчулукта талкууланып жаткан айрым маселелер боюнча оюн билдирди.

Жетинчи катарда жайгашкан талапкер Абдил Сегизбаев дагы өзүнүн жарандык милдетин аткаруу үчүн эртең менен добуш берүү үчүн №7194 шайлоо тилкесинде болду. Талапкер бүгүнкү өнөктүк жаңылануунун башталышы болорун белгиледи.

Ал эми талапкер Адахан Мадумаров борбордогу №1211 шайлоо тилкесинен жарандык милдетин аткарды. Добуш берүүдөн соң журналисттердин суроолоруна жооп берип, өнөктүк тууралуу пикирин билдирди. Президенттик орунга ат салышып жаткандардын бири Курсан Асанов үй-бүлөсү менен бирге баш калаадагы № 1332 шайлоо участогунан добуш берди.

Талапкерлердин бири Равшан Жээнбеков Бишкектеги №1343 шайлоо участогунан добуш берди. Ал бүгүн өтүп жаткан өнөктүк эгемен Кыргызстан үчүн тагдыр чечкен маанилүү окуя экендигин белгиледи.

Он жети талапкердин бири катары саясий жарышка катышып жаткан Каныбек Иманалиев дагы добуш берүү үчүн шайлоо тилкесине барды. Эң кызыгы талапкер өзү үчүн эмес атаандаштарынын бирине добуш берген. Бул тууралуу ал Азаттыкка берген маегинде билдирди.