Жаңылыктар
Шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды
Шайлоо 2023
Шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды

Шайлоону өткөрүү маалында коомдук коопсуздукту камсыздоого 11 миңден ашуун милиция кызматкери тартылды. Укук коргоо кызматкерлери 8-январдан баштап күчөтүлгөн тартипте иштеп баштаган. Ал эми 28-декабрдан тарта шайлоо тилкелерин 5 миңден ашуун тартип сакчысы кайтарууга алып турушкан. Алардын баардыгы шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук тартиптин жана мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлгө алышты. ет.

Шайлоо күнү 42 тартип бузууну координациялык ыкчам чара көрүү тобу каттады. Тартип бузуулардын айрымдары күн ичинде иликтенип, жалпыга маалымдоо каражаттарына кабарланды. Айтсак, Россиянын Южно-Сахалинск шаарында, үкөктөн чыгарылган шайлоонун жыйынтыгында эки талапкерге ар түрдүү маалымат басылган. Иликтөө тараган маалымат жасалма болуп чыкканын аныктады. Ал эми кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине добуш сатып алуу боюнча бир иш катталып, иликтенүүдө.

БШКнын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна шайлоо өнөктүгү башталгандан баштап добуш берүү күнүнө чейин эле 61 кайрылуу келип түшкөн. Алардын арасында президенттикке талапкерлердин өкүлдөрү тарабынан мыйзам бузуулар болгондугу тууралуу да арыз-даттануулар бар. Мындан тышкары, коркутуу фактылары, үгүт маалында шайлоо мыйзамдарынын бузулушу сыяктуу кайрылуулар түшкөн.