Жаңылыктар
Юрий Краковецкий Дохадагы Masters мелдешине катышат
Спорт
Юрий Краковецкий Дохадагы Masters мелдешине катышат

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Юрий Краковецкий 2021-жылдын 11-13-январь күндөрү Доха (Катар) шаарында өтө турчу «Doha Masters» эл аралык рейтинг мелдешине катышат.

Аталган мелдеште Кыргыз Республикасынын дзюдо боюнча курама командасы төмөнкү курамда көрсөтүлгөн:

1. Краковецкий Юрий – 100 кг жогору ;

2. Мистрюков Сергей – ага машыктыруучу.

Белгилей кетсек, спортчу жана машыктыруучу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын эсебинен иш-сапарга жөнөтүлүп жатат.