Жаңылыктар
Россияда шайлоо тизмесине кирген 31 миңден ашуун жарандын 35% жакыны добуш берди
Мекендештер
Россияда шайлоо тизмесине кирген 31 миңден ашуун жарандын 35% жакыны добуш берди

Россиянын 11 шаарында ачылган 15 шайлоо тилкесинин бардыгы саат 20:00дө жабылды. Шайлоочулардын тизмесине киргизилген 31 миңден ашуун жарандын ичинен 35% жакыны добуш берди, бул дээрлик 10 миң 670 адамды түзөт. 

Москва шаарында беш шайлоо участкасы ачылып, күндүн биринчи жарымында көчөдө кезекке тизилип тургандардын саны байкалды. Бирок, кошумча ачылган тилкелер, жарандарды идентификациялоочу аппараттардын жана кабиналардын саны көбөйтүлгөндүктөн, шайлоонун жүрүшү бир топ жеңил өттү. Кечки саат төрткө жакын, көпчүлүк добуш берип бүттү. Шайлоочулардын тизмесине кирген 17 миң 891 жарандын 5784ү добуш берди. 

Шайлоо учурунда мыйзам бузуулар катталбай койгон жок. Айрым шайлоочулар бюллетендерди сүрөткө тартканга жетишкен. Бул фактылар боюнча актылар тузүлдү. Ал эми айрым жарандар өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен таба алган жок. Анткени идентификациялоочу аппараттар аларды аныктай алган эмес. Жалпысынан участкалык шайлоо комиссияларда бардык коопсуздук чаралары сакталды. Добуш берүүчүлөр дезинфекциялоочу каражаттар менен колдонуп, бет кап жана кол кап менен камсыз болушту.