Жаңылыктар
БШК: бюллетендерди колго саноо аяктагандан кийин шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылат
Шайлоо 2023
БШК: бюллетендерди колго саноо аяктагандан кийин шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылат

Кыргызстанда бюллетендерди колго саноо уланууда. Ал аяктагандан кийин шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылат. 

БШКнын маалыматы боюнча, саат 09:20да участкалык шайлоо комиссияларынын 72,31 пайызы референдумда добуштарды кол менен кайра санап чыгуу протоколдорун, ал эми мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоодо 72,96 пайызын алышты. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, бийлик балансы өзгөргөн жок. "Президенттик башкаруу" - 85,57 пайыз менен, ал эми президенттикке талапкер Садыр Жапаров 83,94 пайыз менен алдыда.