Улуттук банк сомдун курсун кармап туруу үчүн долларды сатууну улантууда. Башкы банктын сайтындагы маалыматка ылайык, банк кечээ дагы 1,5 миллион долларды сатыкка чыгарды.
2016-жылдын башынан бери Улуттук банк сегизинчи ирет валюта базарына доллар сатты. Январь айындагы жасалган интервенциянын жалпы суммасы 39,2 миллион долларды түздү.