Бүгүн Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстандагы Россиянын маданият күндөрүнүн алкагында атайын иш чара өткөрүлдү. Иш-чара Рудомино атындагы Россиянын чет элдик адабияттар мамлекеттик китепканасы менен биргеликте уюштурулган.
Анда Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 4 томдугунун бет ачары болду. Китепте улуу жазуучунун чыгармалары менен кошо өмүр баяны жана чыгармачылык жолу тууралуу жазылган.
Бүгүн ошондой эле Улуттук китепкана менен Россиянын мамлекеттик китепканасынын ортосунда атайын келишимге кол коюлуп, улуттук китепкананын фондуна китептер берилди.