Жаңылыктар
Шайлоо - 2021. Тийиштүү органдар тарабынан ар бир арыз текшерилип, чечим кабыл алынды
Шайлоо 2023
Шайлоо - 2021. Тийиштүү органдар тарабынан ар бир арыз текшерилип, чечим кабыл алынды

Добуш берүү күнү борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам чара көрүү координациялык тобуна 50 билдирүү түшкөн. 

Анын отузу участкалык шайлоо комиссиялары боюнча даттануулар. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров кабарлады. Мындан тышкары добуш сатып алуу боюнча бир факты, техникалык мүчүлүштүктөр боюнча 7 даттануу, үгүт маалында мыйзам бузулушу боюнча 3 билдирүү, административдик ресурстун колдонулушу боюнча 1 факты жана башка даттануулар бар. Шайназаровдун айтымында, тийиштүү органдар ар бир фактыны текшерип, чечим кабыл алынды.

"Шайлоо өнөктүгү учурунда коомдук коопсуздук жана шайлоо мыйзамдарынын аткарылышы так көзөмөлдөндү. ИИМдин, башкы прокуратуранын жана БШКнын өкүлдөрүнөн турган ыкчам чара көрүү координациялык тобу өз ишин мыкты алып барды. Шайлоочулардын жарандык укуктары сакталды”,- деди БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров.