Жаңылыктар
Жаңы президент шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийинки бир ай аралыгында ишке кирет
Шайлоо 2023
Жаңы президент шайлоонун расмий жыйынтыгы чыккандан кийинки бир ай аралыгында ишке кирет

10-январдагы кезексиз шайлоонун жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясы расмий жарыялагандан кийин бир айдан соң андан утуп чыккан адам ишке кирише алат. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова басма сөз жыйынында билдирди. 

«Расмий жыйынтык добуштар кол менен саналып, бардык арыздар жана талаштуу маселелер сотто каралып бүткөндөн кийин, бир ай аралыгында чыгарылат»,- деди ал.

Шайлдабекова ошол эле учурда бул кезексиз шайлоо болгонуна байланыштуу добуштарды эсептөө мөөнөтү да кыскарарын эскертти. 10-январда Кыргызстанда кезексиз президенттик шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум болуп өттү. БШК добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын 39 пайыздан ашууну катышканын маалымдады.