Жаңылыктар
Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алды
Коррупция
Коррупцияга шектелип кармалган Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы күнөөсүн мойнуна алды

Транспорт жана жолдор министрлигинекараштуу Бишкек-Ош автожолунун мамлекеттик дирекциясындагы (мындан ары АЖМД)коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө 2021-жылдын7-январында, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигининстатс-катчысы Мамыркалиев Эрмек Алтымышевич кылмышка шектүү катары кармалган.

2021-жылдын 9-январында,Э.Мамыркалиев мамлекеттин кызыкчылыгына келтирилген зыяндын 2 500 000 сомсуммасындагы бөлүгүн өз ыктыяры менен акчалай түрдө төлөп берди. 

Ошол эле күнү Бишкек шаарынын Биринчимай райондук соту Э.Мамыркалиевге карата үй камагы түрүндө жаза чарасынколдонду.

Азыркы убакта, сотко чейинкиөндүрүштүн алкагында Финансы полициясы 30га жакын ар кандай рангдагыаткаминерлерди жазык жоопкерчилигине тартты. Аталган коррупциялык схема боюнчакелтирилген зыян 20 миллион сомду түздү, анын дээрлик бардык суммасы Финансыполициясы тарабынан кайтарылды. 

Сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөөиштери аяктоо алдында турат.