Жаңылыктар
Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак
Маданият
Рыспай Абдыкадыров көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак

12-январь Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыз элинин залкар обончу- композитору Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Бул күнгө карата Маданият, маалымат жана туризм министрлиги 2021-жылдын 12-январында саат 12:00дө А.Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык  опера жана балет театрынын Малахит залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт.

Учурда аталаган иш-чарага даярдыктар жүрүп жатат. Салтанат санитардык эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт тартууланат.