Жаңылыктар
Борбор Азия: ВИЧ илдетинин жайылышы ырбады
Кыргызстан жаңылыктары
Борбор Азия: ВИЧ илдетинин жайылышы ырбады

Ушул жылдын алты ай аралыгында спайс маң заты менен 5 факты катталган.  2010 жылдагы көрсөткүчтөргө  караганда  маңзат колдонуучулардын саны азайууда. Бирок  баңги заттарды экспортогондун санын  кысартуу кыйла оор. Афганистандан аткезчилик жолу менен жөнөтүлгөн  маң заттын  25 пайызы  Борбор Азияга келип түшөт. Бул тууралуу Баңги заттарга каршы күрөшүү башкармалыгынан билдирген.     

Борбордук Азиядагы баңги заттардын мыйзамсыз айландырылышы менен кылмышкерликтин, паракорлуктун, баңги заттарды керектөөнүн, ВИЧ илдеттинин жайылышынын ортосунда тыгыз байланыш түзүлүп, олуттуу маселе жараттуда. БУУнун баңги заттар жана кылмышкерлик менен күрөшүү боюнча башкармалыгынын эсеби боюнча 2009-жылда эле 320 миң адам бир нече ирээт баңги заттарды колдонгон.  Бирок  учурда баңги затын колдонгондордун  саны өлкөдө кыйла азайды деп билдирет Баңги затка карыш күрөшүү башкармалыгынын башчысы Турат Исаев.

Баңги заттардын таркалышына жол бербөө багытында  тиешелүү органдар жогорку окуу жайларда жана мектептерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Мындан сырткары Евро биримдик менен биргеликте КАДАП программасы ишке киришкен. Ошондой эле  Баңги зат менен күрөшүүнү күчөтүү максатында Коргоо кеңеши Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматын жоюп, ишин  ИИМге өткөрүлүп беришүүдө. Мунун себептеринин бири Маң заттарды көзөмөлдөө кызматы  3-4 жыл ичинде араң 20 пайыз баңги затка байланышкан кылмыш ачкан . “Ал эми калган 80 пайыз кылмышты ИИМнин тиешелүү органы ачкан”- дейт Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров.

Мындай чечимге келген бийлик коррупцияны азайтуу максатын көздөөдө. ИИМ карамагына кирген жаңы түзүлгөн Баңги затка каршы күрөшүү башкармалыгы кандай иш алып барат аны убакыт көрсөтөт.

Бегайым Абдыкадырова, “Биринчи радио”