Жаңылыктар
Россия коронавируска байланыштуу электрондук виза берүүнү токтотот
Мекендештер
Россия коронавируска байланыштуу электрондук виза берүүнү токтотот

Россия коронавирус пандемиясына байланыштуу чет элдик жарандарга электрондук виза берүүнү токтотту. Бул тууралуу Россиянын Тышкы иштер министрлигинин консулдук департаментинин адистештирилген сайтында маалымдалды.

Билдирүүдө мындай чаралар өлкөнүн коопсуздугун камсыз кылуу жана коронавирустун Россияда жайылышынын алдын алуу максатында көрүлгөнү айтылат. Консулдук департаменттин билдиришинче, онлайн режиминде виза берүү орус өкмөтү тарабынан эскертилгенге чейин токтотулат.

2021-жылдын январь айынан бери 50дөн ашык мамлекеттин жарандары Россияга электрондук виза менен бара алышты. Жаңы виза бир жолу кирүү визасы катары берилет - 60 күнгө чейин, Россияда 16 күнгө чейин уруксат берилген. Консулдук төлөм 40 долларды түзөт.

Буга чейин Ростуризмдин башчысы Зарина Догузова Россияга электрондук виза акысыз кылууну сунуш кылган. Догузова белгилегендей, өлкөдөгү коронавирус пандемиясынын фонунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, стандарттуу эмес чечимдерди кабыл алуу жана "тайманбас идеяларды" сунуштоо зарылчылыгы келип чыкты. Алардын арасында, айрыкча, ал 2021-жылга чейин чет элдиктерге виза таркатуу идеясын айтты.