Жаңылыктар
Кыргыз элинин маданияты жана салт-санаалары ислам дининин принциптерине шайкеш келет
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргыз элинин маданияты жана салт-санаалары ислам дининин принциптерине шайкеш келет

Кыргыз элинин көөнө маданияты, үрп-адаты жана улуттук кийими ислам дининин принциптерине шайкеш келет. Бул тууралуу Орозо айт күнү президент Алмазбек Атамбаевдин кыргызстандыктарга карата кайрылуусунда айтылды. Мындай пикирге диний ишмерлер менен теологдор дагы кошулат. Илимпоз Кадыр Маликовдун айтымында, ислам дини баарын өзүнө камтыган, ар бир улутка дал келчү универсалдуу дин. Бул динди тутунган өлкөлөр өз баалуулуктарын сактап, андан ары өркүндөтө алат.
Ууз айым Аида Майташеванын кылымдарды карытып келе жаткан кыргыз элинин кийимдерин азыркы замандын талабына жараша бычып, тигип чыгат. Бүгүнкү күндө мындай үлгүдөгү кийимдерге кызыккандардын саны өсүүдө. Биринчиден ыңгайлуу, экинчиден кошулмасы жок кездемеден даярдалат.
 Учурда улуу, кичүү дебей баардык курактагы аялзатына табитине жараша жана мезгилдин өзгөрүшүнө ылайыкталган чыптама, көйнөк жана башка кийим түрлөрү жайылууда. Дал ушундай кийим түрлөрү аба-бабадан калган баалулук катары эсептелет. Анткени булар өзүн байыртан бери мусулманмын деген кыргыздын кыз-келиндери, улгайган апалардан калган баалуулуктар.

 Эзелтен ислам динин карманып келген кыргыз элинин улуттук кийими, салт-санаасы, дегеле баардык багыты тутунган динге шайкеш келген. Дин жаатындагы аалымдардын баамында, биздин элдин үрп-адаты жана ак элечек баштаган кийим кечеси дүйнөдөгү ири диний агым исламдын талаптарына дал келет.
 Ислам дининде бөтөн маданиятты, жүрүм-турум, жада калса кийимдерди таңуулоого жол берилбейт. Бирок азыркы ааламдашуу доорунда, мусулманчылыктын мыкты жөрөлгөлөрүн өз салтына шайкеш келтирген кыргыз элине жат көрүнүштөрдү таңуулаган көрүнүштөр бар экени байма бай айтылып келет.
Кыргыз коомуна туура келбеген көрүнүштөр менен күрөшүү аракеттери көрүлүп жатат. Кыргызстан дин башкармалыгы өлкөдөгү жарандарга бөлөк элдин салтына баш ийүү, кийимин кийүү өңдүү көрүнүштөрдү таңуулоо туура эмес экенин түшүндүрүү максатында ар кандай иш-чара өткөрүлөрүн билдирди.

Интелектуалдык ислам адамзаттын аң сезимин ойготот. Балким ушул үчүн акыркы жылдары бул дин чабуулга кабылууда. Азыр атайын ислам динин жек көргөзүү аракеттери террордук топтор тарабынан жүргүзүлүп келет. Диний адистердин пикиринде, бүгүн кыргызстандык коомдо эки жаман көрүнүш бар, анын бири динге катуу берилүү жана светтик радикализм менен исламафобия. Бул эки карама каршы тарапты кызыкдар күчтөр кайраштырат. Алардын негизгиси максаты коомду бөлүп жаруу. Ошондой эле, бөтөн көрүнүштөрдү таңуулоо мамлекеттердин коопсуздугуна, атүгүл үй-бүлөдө да карама-каршылык туудуруп жатканы анык. 



Элдик Репортер КТРК :  кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118