Өлкөдө күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 13-январга караган түнү саат 01:07де катталган. Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жайылма айылында 2 балл, Ачык-Суу айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.