Жаңылыктар
Коргоо кеңеши: ИИМди реформалоо керек
Кыргызстан жаңылыктары
 Коргоо кеңеши: ИИМди реформалоо керек

 Коргоо кеңеши сунуштап жаткан укук коргоо түзүмдөрүн реформасында чоң өзгөрүүлөр ички иштер министрлигинде болот. Эң биринчи кезекте министрликтин ички курамы өзгөртүлүп, айрым башкармалыктар жойулуп, алты чоң көз карандысыз кызмат түптөлөт. 

Коргоо кеңеши ички иштер министрлигин реформалоону, анын структуралык түзүлүшүнөн баштоону туура көргөн. Анткени бири бирин кайталаган майда барат бөлүмдөрдү бириктирип, күчтүү жана натыйжалуу иштей турган кызматтарды түзүү керек дешет.
Аны менен ички иштер министрлигиндеги бешинчи бөлүм кыскартылат. Мурда кийин майлуу сүттүү деп аталган бул бөлүм, экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилет. Бирок эми аларга талап катуу койулат.

 Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына баардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлүп жатат. Ошондуктан алар иштин натыйжасын көрсөтүш керек. Эгерде алар, бизге укук берилди деп кызматынан кыянаттык менен пайдаланса анда катуу жооп беришет. Анткени бул реформа өлкөнүн укук талаасында, өзгөчө ишкерлер менен бийликтин ортосундагы мамилени өзгөртүүгө чоң өзгөрүү алып келет дегенге баарыбыздын үмүтүбүз чоң.
Ички иштер министрлигиндеги реформаны ички түзүмдөрдү өзгөртүүдөн баштоонун башкы себеби, баш аламандыктан арылып бир беткей иш алып баруу. Мындан улам каржыга байланышкан кылмыштарды, УКМК, финансы полициясы менен кошо талашып иликтегендин ордуна баңги заттарды мыйзамсыз ташууга натыйжалуу бөгөт койгону талапка ылайык. Коргоо кеңеши учурдагы маң заттарды көзөмөлдөгөн кызматты ички иштер министрлигинин курамына киргизүүнү сунуштап жатат.
Ички иштер министрлигиндеги дегеле укук коргоо түзүмүндөгү мындай реформаларды жогорку кеңештеги оппозициялык маанайдагы фракция лидерлери да колдоого алышууда.
Белгилей кетсек Ички иштер министрлигинин карамагындагы академия да жоюлат. Ал мындан ары бир гана милиция кызматкерлерин эмес, баардык күч структуралары үчүн мыкты кадрларды даярдоочу укук академиясына айланмакчы.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!

WhatsApp +996551748118