Кыштын камын жайда көргөн Кара-Кече көмүр ишканасы учурда тоо кыртыштарын сыйруу менен алек. Бирок, баарысы ойдогудай деп кескин тыянак чыгаруу эрте. Биринде экскваторлор менен бульдозерлерге керектүү жабдыкар жок болсо, айрымдары эмгекти натыйжалуу уюштурууну колго алган эмес.
Бир айдан бери мамлекеттик «Көмүр» ишканасында иш токтоп, өндүрүш үзгүлтүккө учурады. Мунун кесепетинен бүгүнкүгө белгиленген жумуштардын 30 пайызы гана бүткөрүлгөн. Кырдаалдын мындай жагымсыздыгына эмне себеп?"
«Жылаан чакпай, жылкы теппей» туруп эле кышкы сезондо жалпысынан 128 миң тонна «кара алтын» казышкан аталган ишканадагылар алеки заматта чаң-будуңга түшүп, ишке дегиэле көңүл жок. Анткени, аларга жогору жактагылардын башкы директор Мирлан Жакыповду кызматтан алышы жага бербеди.
«Көмүрдө» мына ушундай жагдай жаралаары менен, мындагы подрядчиктер оор жүк ташуучу автоунааларын башка жумуштарга алып кетишкен. Мунун кесепетинен дароо иш токтоп, азырынча бул жерде бир да техниканын үнү угулбайт.
Ушундан улам, түзүлгөн оор кырдаалга облус бийлиги да кийлигишип, маселени оң жагына чечүүгө далалат жасады. Антпесе, жергиликтүү казна дагы бир ири обьектисинен ажыраары бышык. Ал эми мындай шартта социалдык колдоо багытындагы төлөмдөрдүн кайрадан кечигээри күтүлөт. Максат ага жол бербөө.
Бактыга жараша, өткөн жылы «Көмүр» мамлекеттик ишканасына 50 миллион сом бөлүнүп, анын натыйжасында Кара кечедеги ишкананын техникалык паркы кыйла жакшырган. Андыктан, бардыгы жай-жайына келсе, учурдагы өндүрүштүк артта калуучулукту жоюууга толук мүмкүнчүлүк бар.
Элдик Репортер КТРК : кызыктуу фото же видеолоруңуз болсо бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118