Жаңылыктар
Компьютер сатып алгандардын саны 2020-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти
Дүйнө
Компьютер сатып алгандардын саны 2020-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти

Компьютер сатып алгандардын саны акыркы он жылдын ичинде төмөндөп кеткен, бирок кайра 2020-жылы рекорддук көрсөткүчкө жетти. 

Эл аралык маалыматтар тобунун билдиришинче, былтыр адамдар жана компаниялар өткөн жылга салыштырмалуу 13 пайызга көп компьютер сатып алышкан. Алардын сап башында кытайлык "Lenovo", америкалык "HP", "Dell", "Apple" жана "Эйсер" компьютерлери турат. 

Ошол эле учурда, жазында, серепчилер пандемия башталганда кытайдагы заводдордун токтоп калышы, базарда сооданын солгундашы акыркы жети жылда болуп көрбөгөндөй төмөндөгөнүн байкашкан. Июнь айында эле адистер белгисиздиктен улам керектөөчүлөр чыгымдарды кыскартат деп күтүшкөн, бирок андай болгон жок.