Жаңылыктар
“Липа” лагериндеги качкындар менен мигранттар оору жуктуруу коркунучунда
Дүйнө
“Липа” лагериндеги качкындар менен мигранттар оору жуктуруу коркунучунда

“Липа” лагериндеги качкындар менен мигранттарга белгисиз эпидемиянын эпкини баруу коркунучунда. Адистер азырынча ал жактагы мигранттарга кандай инфекция жугуп жатканы белгисиз экенин билдиришти. Укук коргоочулар Босния менен Герцеговина аймагындагы өрттөн кийин миграттар борборундагы эпидемия тууралуу эскертүүлөрдү берип жатышат.

Босния менен Герцеговина аймагындагы “Липа” лагеринде орун алган өрттөн кийин ал жердеги мигранттарга эпидемия коркунуч туудурууда. Бул тууралуу гуманитардык уюмдар эскертишүүдө. Хорватия менен чек аранын жанында убактылуу чатырларда жүздөгөн адам баш калкалоодо.

Активисттердин айтымында, аба ырайы сууктагандан бери мигранттардын арасында ден соолугу начарлап, өзүн жаман сезгендер көбөйдү.

Босния менен Герцеговинадагы бул мигранттар лагеринде декабрь айында өрт чыккан. Жергиликтүү полициянын айтымында, лагерди эл аралык уюмдун өкүлдөрү кеткенден кийин, мигранттар өзүлөрү өрттөп салышкан. Уюмдун өкүлдөрү электр жарыгынын, суу түтүктөрүнүн жана жылуулуктун жоктугунан улам кетип калышкан.