Учурда өлкөдө саламаттыкты сактоо тармагында 70 миңге жакын кызматкер эмгектенет. Алардын арасында ак эмгегин арнап эл саламаттыгына кам көрүп келе жаткан мыкты дарыгер Тилла Кенжебаева.
Ал Сузак районуна караштуу № 9-үй-бүлөлүк даргыгерлер тобунда 10 миңге жакын элдин саламаттыгына кам көргөн жалгыз дарыгер.
Тилла Кенжебаева сыяктуу эл саламаттыгы деп өмүрүн арганган дарыгерлердин эмгеги зор. Орто-Азия айылы болсо Сузак районундагы эң чоң айылдардын бири болуп саналат.