Жаңылыктар
Дональд Трампка импичмент жарыяланды
Дүйнө
Дональд Трампка импичмент жарыяланды

АКШ Конгрессинин өкүлдөр үйү Трампка импичмент жарыялоо сунушун колдоду. Ошентип, Доналд Трамп өлкө тарыхында эки жолу импичмент жарыялоо аракетине кабылган жалгыз президент болуп калды. Мунун алдында вице-президент Майк Пенс Конституцияга таянып, Трампты кызматынан кетирүү жараянын баштабай турганын билдирген. Эми документтер Сенатта каралат.

АКШнын Конгрессинин өкүлдөрү көпчүлүк добушу менен президент Дональд Трампка коюлган айыптарды колдоду. Импичмент жарыялоону колдоо үчүн 232 конгрессмен, 197 каршы добушун берди. Ошол эле учурда, 10 республикачы импичментти колдогон. Демократиялык партиянын спикери Нэнси Пелоси Дональд Трампка жарыяланган импичмент өлкөдө мыйзам президенттен да жогору турарына далил болгонун айткан.

Документтер эми Сенаттын кароосуна коюлат. Трампка импичмент жарыялоо үчүн, сенаторлордун 100дөн 67си колдошу керек. Бул өкүмдү бекитүү үчүн демократтарга республикачылардын 17 добушу жетишсиз.
Палатанын чечиминен кийин АКШ президенти Дональд Трамп билдирүү жасаган. Ал зомбулукту талкуулап, элдешүүгө чакырып, бирок импичмент тууралуу үн каткан эмес.

Трампты бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн сенат дагы импичмент жарыялаш керек. Бирок жогорку палатанын спикери республикачы Митч Макконнелл сенаторлор мындай кадамга өлкө башчынын мөөнөтү аяктаганга чейин, тагыраагы, 20-январга чейин барбай турганын билдирген. “Washington Post” булагы Жо Байден инаугурациясынын алдында импичмент жөнүндө ойлонбостугун билдирди.