Жаңылыктар
Центерранын өкүлү айыпталууда
Коррупция
Центерранын өкүлү айыпталууда

Центерранын директорлор кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн бири Брюс Вальтер буга чейин Канадада каржылык алдамчылык жана инсайдердик алып-сатуу боюнча айыпталган. Бул боюнча иликтөө 2013-жылдын февраль айында башталган. 

Вальтер дүйнөдөгү жана Канададагы темир кенин иштеткен ири «Баффинланд» компаниясында кеңешчи болуп иштеп жүрүп, инсайдердик жана жашыруун маалыматтарды колдонуп жаңы компания түптөгөн. Бирок укук коргоо органдары анын күнөөсүн далилдей алган эмес. Канадалыктар алардын тергөө органдары жана соттору АКШга караганда каржылык алдамчылык боюнча кылмыштарды иликтөөдө алсызыраак экенин моюнга алышат. 

Белгилей кетсек, Брюс Вальтер Центерранын директорлор кенешинин жана башкармалыгынын мүчөсү. Ал Центеррага 2009-жылы кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүү үчүн чакырылган. Жыйынтыгында Кыргызстан 2009-жылга чейин орун алган бардык кылмыштуу иштер боюнча компаниянын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу мүмкүчүлүктөрүнөн ажыраган. Канадада ал чоң каржы алдамчысы деп эсептелет. Канадалык гезиттердин бирине берген маегинде Брюс бизнес ал үчүн жөн гана "шаңдуу оюн" экенин билдирген.