Референдумда добуш бергендердин 80 пайыздан ашыгы президенттик башкаруу формасын тандады. Эл аралык жана жергиликтүү саясат таануучулар мындай жагдай мамлекеттин өнүгүшүндө маанилүү экендигин белгилеп жатышат. Эми мындан кийинки негизги кадам мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоодо турат.
Тарыхка сереп салсак, Кыргызстан 2010-жылы элдик толкундоо менен бийлик алмашканда баш мыйзамды өзгөртүп, парламенттик башкаруу жолуна түшкөнүн жарыялаган. Саясат таануучулардын баамында иш жүзүндө чыныгы парламенттик башкаруу болгон жок. Ыйгарым укуктары кыскарса дагы президент баары бир саясий үстөмдүк кылып келди. Ошол себептүү партиялык-парламенттик башкаруудан элдин көңүлү калып бир канча толкундоолорго алып келген.
Октябрь айындагы элдик толкундоолор 2010-жылы кабыл алынган Конституция элдин үмүт-тилегин актабай калгандыктан келип чыкты. Дал ушундай окуялар кайталанбашы үчүн, баш мыйзамга киргизилип жатка өзгөрүүлөр, элге жаккыдай болуп жана эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды бириктирүүгө багытталышы керек.