Президенттик шайлоо менен бирге өткөн жалпы элдик добуш берүүдө жарандардын басымдуу бөлүгү мамлекетти башкаруунун президенттик түрүн тандашты. Алдын ала эсептөөлөр боюнча добуш бергендердин сексен пайызы колдогон. Мындай жыйынтык коомчулукта түрдүү пикирге жем таштады. Айрыкча социалдык түйүндөрдө талкуу күчөдү. Саясат талдоочулар жарандардын тандоосун эл жоопкерчиликтүү бийликти каалап жатат деген пикирге байлап жатышат.
Азыркы учурда талкууланып жаткан баш мыйзамдын долбооруна ылайык аткаруу бийлигининин жана мамлекеттин башчысы катары бир эле адам сунушталууда. Президент эки тизгин бир чылбырды колго алып, ички жана тышкы саясатты, коопсуздукту, экономика менен чарбаны да тескейт. Мындай кадам менен бийликтин жоопкерчилиги орной турганы айтылууда.
Акыркы он жыл ичиндеги тажрыйба көрсөткөндөй өкмөттө туруктуулук сакталган жок. Премьер-министр баштаган аткаруу бийлиги жыл айланбай эле кол жоолуктай алмашып турду. Министрлер кабинетиндеги туруксуздук экономика менен чарбадагы туруктуулукка да түздөн түз таасир этип келгени айтылат.