Жаңылыктар
Парламенттик башкарууга берилген баа
Шайлоо 2023
Парламенттик башкарууга берилген баа

Кыргызстанда акыркы он жыл парламенттик башкаруу формасы өзүн актаган жок. Мындай пикирлерин бир катар коомдук ишмерлер, укук жаатындагы адистер билдиришти. Партиялардан түзүлгөн парламент, алар тандап алган өкмөт өлкөдөгү эч бир маселеге жоопкерчилик албай, жыйынтыгында өлкөдө парламентаризмдин бедели түштү деген көпчүлүк пикир кошкондор. 

Кыргызстанда парламенттик башкаруу формасы 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин, жаңы конституция кабыл алынган соң орногон. Анда шайлоо пропорционалдык негизде өтүп, өкмөттү куроо шайланып келген партияларга жүктөлгөн. Бирок, акыркы 10 жылда депутаттар элге эмес, жеке кызыкчылыктары үчүн, туугандары жана жакындарына кызмат кылганын айтышат. Аткаруу бийлиги үчүн эч ким жоопкерчилик алган жок.

Андыктан, адистер парламент ага көрсөтүлгөн ишенимди актабаганын айтышат. Парламенттик башкаруу жылдары көзгө көрүнөрлүк жыйынтык болбогонун, ал эми партиялар өздөрүнүн жетекчилеринин байлык топтошу үчүн гана иштешкенин белгилешет. Элдер мындай жоруктардан тажап бүттү деген пикирин юрист Сулайман Үсөнов билдирди.