Жаңылыктар
Чек ара коопсуздугу көңүл чордонунда
Чек ара
Чек ара коопсуздугу көңүл чордонунда

Эртең Мамлекеттик чек ара кызматы атайын машыгууларды өткөрө баштайт. Бүгүн Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетектөөсү менен машыгууларга катыша турган кызматкерлер чогулуп, Ош облусундагы кесиптештери менен телекөпүрө аркылуу, машыгууга байланышкан суроолорду талкууга алды. Тегерек столдун катышуучулары чек ара кызматындагы коопсуздук маселеси, ошондой эле күч органдары, чектеш өлкөлөрдөгү чек ара кызматтары менен да, кызматташтыгын бекемдөө керек экенин белгиледи.

Жыйында ошондой эле, былтыркы жана мурдагы жылы болгон машыгуулар өз учурунда, ар тараптуу тажрыйбаны жогорулатып, өз жемишин берип жатканы айтылды. 

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын башчысынын орун басары Закир Тиленовдун айтымында, күжүрмөн машыгууларда бардык күч органдары менен кошо, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын тыгыз байланышы дагы негизги ролду ойнойт. Учурда чек арада кырдаал туруктуу экени дагы айтылды.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118