Жаңылыктар
Ош шаарында Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү
Маданият
Ош шаарында Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылык кайрымдуулук кечеси өттү

Бүгүн, 18-январда саат 11.00 ОшМУнун Кыргыз- Европа факультетинде Кубатбек Жусубалиевдин офлайн жана онлайн кечеси уюштурулат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан кабарлашты. 

Эске салсак, Ош шаарында 16-январь күнү эл жазуучусу Кубатбек Жусубалиевдин “Сүйүүм менин чымчык болуп сага учат” аттуу чыгармачылык кайрымдуулук кечеси болуп өттү. 

Салтанаттуу иш-чаранын алкагында шаар мэри белектерин тапшырып, акчалай колдоосун көрсөттү. Кайрымдуулук кечеге келген конокторго классика жана эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланып, Кыргызстандын сүрөтчүлөрүнүн жана кол өнөрчүлөрүнүн баа көтөрүү көргөзмөсү уюштурулду.

"Өткөн кылымдын 60-жылдарынан тартып өз эмгегиңизди, чыгармаларыңызды тартуулап келе жатасыз. Кино жаатында кылган эмгегиңиз чоң. 80 жылдык мааракеңиз кут болсун. Жаралган ар бир чыгармадан ой-толгоо, тарбия жана үлгү аласың. Дагы да чыгармаларыңызды күтөбүз, ден соолукта жүрүңүз",- деди Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов.

Ошондой эле Кубатбек Жусубалиев менен Клара Юсупжанованын 80 жылдыгына арналган сүрөт-календардын бет ачары болуп, автордун колу менен китептерин сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Уюштуруучулардын айтымында түшкөн каражаттар К.Жусубалиевдин жаңы чыгармаларын басып чыгарууга жумшалат.