Жаңылыктар
Германия канцлери Ангела Меркель расмий сапар менен келет
Саясат
Германия канцлери Ангела Меркель расмий сапар менен келет

13-14-июлда Кыргызстанга Германия канцлери Ангела Меркель расмий иш сапары менен келет. Канцлерди биздин өлкөгө келип кетүүгө Президент Алмазбек Атамбаев чакырган. 

Сапар алкагында Меркель менен Атамбаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтык жана аны тереңдетүү боюнча бир катар маселелерди сүйлөшөт. Ошондой эле эл аралык жана Борбор Азияга таандык маселелер боюнча пикир алышат. 

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Германия канцлери менен Кыргызстандын Президенти биргелешкен маалымат жыйынын өткөрүшөт. Жогорку даражалуу мейман иш сапары алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков жана өлкөнүн жарандык коомчулугу менен дагы жолугушат.