Жаңылыктар
Ынтымакка чакырган фестиваль
Маданият
Ынтымакка чакырган фестиваль

“Чыгыш балдары достошот”- деген аталыштагы эл аралык фестиваль жыйынтыкталды. Бүгүн фестивалдын кандай өткөнү тууралуу уюштуруучулар маалымат берди. Чыгыш өлкөлөрүнөн келген беш жүздөн ашык өспүрүм балдар Ысык- Көл жээгинде 27-июндан тарта алты күн бою өз өнөрлөрүн тартуулап, эс алган. 

Белгилей кетсек, бул ирет иш чара Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунун 80-жылдыгына, эгемендүүлүктүн 25-жылдыгына, быйылкы тарых жана маданият жылына арналып өткөрүлдү. 

Ар улуттун өнөрпоз балдарынын башын бириктирген фестивалга быйыл Кытай, Орусия, Казакстан, Индия, Түркия жана башка өлкөлөрдүн балдары катышкан.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118