Жаңылыктар
Месси атаандашын башка чаап, биринчи жолу кызыл айып кагазын алды
Спорт
Месси атаандашын башка чаап, биринчи жолу кызыл айып кагазын алды

“Барселона” командасынын капитаны Лионель Месси Испания Суперкубогунун алкагындагы “Атлетик” командасы менен болгон финалдык беттеште орой ойноп, биринчи жолу кызыл айып кагазын алды.

Футболчу беттештин 121-мүнөтүндө командалашына топ чыгарып чуркап бара жаткан учурда Асьер Вильялибр менен кагылыша кетип, аны башка чаап кулаткан. Видео кайталоодон соң, калыс оюнчуну беттештен четтеткен.  

Севильяда өткөн финалдык оюнда  "Атлетик" 3:2 эсеби менен утуп, Испания Суперкубогун жеңди.

Белгилей кетсек, Месси “Барселонада” 753 оюн өткөрүп, 1-жолу кызыл айып кагазын алды.