Жаңылыктар
Белгияда поезд менен унаа кагылышып, үч адам каза болду
Дүйнө
Белгияда поезд менен унаа кагылышып, үч адам каза болду

Бельгияда темир жол өтмөгүндө жүргүнчү ташыган поезд унаа менен кагылышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу RTBF телеканалы жарыялады.

 "Окуя Эринн аймагында болгон. Поезд Брюссель - Турнэ багыты боюнча жүргөн", - деп айтылат билдирүүдө. Жергиликтүү бийликтин айтымында, унаанын айдоочусу светофордун сигналына көңүл бурбай, тосмодон өтүп кетүүгө аракет кылган. Каза тапкан үч бала тең унаада болгон.

Курман болгондордун жашы жана жарандыгы көрсөтүлгөн эмес. Поезддердин кыймылы бир аз кечигүүдөн кийин калыбына келтирилгени белгиленди. Кырсык боюнча тергөө иштери башталды.