Жаңылыктар
Прокуратуранын көзөмөлдөө милдети күчөйт
Кыргызстан жаңылыктары
Прокуратуранын көзөмөлдөө милдети күчөйт

Тартип коргоо органдарындагы реформага ылайык, прокуратуранын укук-милдеттери дагы бир топ өзгөрүүлөргө дуушар болот. Маселен көзөмөл органынын тергөө функциялары эми башка кызматка берилип, ал эми укук коргоо мекемелериндеги мыйзамдуулуктун сакталышына прокуратура тарабынан көзөмөл күчөтүлөт.

Коргоо кеңешинин кезектеги жыйыны 4-июлда Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы астында өтүп, күн тартиби толугу менен тартип коргоо органдарындагы реформага арналган. Эң негизги басым прокуратура органдарына жасалып, ал прокуратурадан тергөө функциясын кыскартуудан башталууда. 

Кылмыш ишин козгоо укугунан сырткары, прокуратуранын кызматкерлери керектүү учурда ведомстволор аралык тергөө тобун түзүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Эксперттердин айтымында бул жагдай көбүнесе ири коррупциялык, кызматынан кыянаттык менен пайдалануу кылмыштары орун алган учурда колдонулушу мүмкүн. 

Эң башкысы укук коргоо органдарында мыйзамдуулуктун сакталышына прокуратура тарабынан көзөмөл күчөйт. Коргоо кеңешинде белгиленгендей, эми жарандардан арыз түшкөн учурдан тартып, соттун чечими ишке ашканга чейинки иш-аракеттердин бардыгы тыкыр көзөмөл астында өтөт. 

Серепчилер белгилегендей? көзөмөлдү жетиштүү деңгээлде жүргүзүүгө прокуратура кызматкерлеринин буга чейин чамалары жетпей келген. Анткени көзөмөл органы бир эле убакта экономикалык, коррупция, тергөө жана башка иштерди иликтөө менен алектенип келген. 

Реформаларды ишке ашыруу үчүн эми укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл. Коргоо кеңеши өкмөт менен бирге бул багытта бир топ мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү даярдашы керек, аны парламент күздө карай баштайт. Мисалы, прокуратура боюнча Конституциянын айрым беренелерине өзгөртүү кириши мүмкүн. 

Мындан сырткары прокуратура органдарынын ыйгарым укуктары боюнча Конституцияга тиешелүү жактары жана аны өзгөртүү маселеси жакынкы арада талкууга алынары күтүлүүдө.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!WhatsApp +996551748118