Жаңылыктар
Чоң манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилди
Маданият
Чоң манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилди

Чоң манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов эскерилди. Бир жыл мурда, 19-январь күнү кыргыз маданияты орду толгус оор жоготууга учурап, манасчы жана төкмө акын Сапарбек Касмамбетов 86 жашка караган куракта дүйнө салган. Бүгүн залкар манасчынын үй-бүлөсү, жакындары, шакирттери жана маданият тармагынын өкүлдөрү Ала-Арча көрүстөнүнө барып, манасчынын бейитине гүл коюшту.