Жаңылыктар
“Кыргызалтын” Центерранын кадамына иликтөө жүргүзөт
Экономика
“Кыргызалтын” Центерранын кадамына иликтөө жүргүзөт

“Кыргызалтын” Центерранын “Томпсон крик Металз” компаниясына жасаган кадамы боюнча иликтөө жүргүзөт. Бул тууралуу “Кыргызалтын” башкармалыгынын башчысынын экономика, каржы жана инвестиция боюнча орун басары Бектур Сагынов билдирди. Анын айтымында “Кыргызалтын” “Центерра Голд” ишканасынын негизги акционери катары бул маалымат менен алдын ала эч кандай кабардар болгон эмес. 

Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө дагы бул маалымат жыйындын жүрүшүндө гана белгилүү болгон.Жакында 32 пайызы “кыргызалтынга” тийиштүү Канадалык “Центерра Голд” компаниясы алтын жана жез өндүргөн “Томпсон крик Металзты" сатып алгандыгы маалым болду. 

Бирок, “кыргызалтын” тарабынан дайындалган директорлор кеңешинин мүчөлөрү бул жаңылыкты отурумда гана билген. Келишим Центеррадагы “кыргызалтындын” үлүшүн азайта тургандыгы үчүн, кыргыз тараптан барган директорлор кеңешинин 3 мүчөсү буга каршы добуш берген. Ошого карабай, көпчүлүк добуш менен, “Томпсон крик Металз” компаниясын сатып алуу маселеси колдоо тапкан.

“Мындай кадамдын натыйжасында “Центерра” күчтүүрөөк болуп чыгат деп айтылып жатат. Ошондой болсо экен деп тилеп жатабыз. Анткени анын натыйжасында 32 пайызга чейин түшүп бараткан үлүшүбүз, бирок бул кадам бизге зыян гана болбостон, биз учун артыкчылыктары бар деп айтылууда. Пайдалуу кен болгондуктан 2017-жылдан тартып, Центерра көргөң киреше дээрлик 2 эсеге өсөт деген ишенич бар”, - дейт “Кыргызалтындын” төрагасынын орун басары Бектур Сагынов.

Экономисттердин баамында, Центерранын директорлор кеңешинин мындай чечими, акционердик коомдун мыйзамына дал келбейт. Андыктан кыргыз өкмөтү тез аранын ичинде бул маселени карап чыгыш керек.

“Акционердик коомдун закону боюнча мындай сатып алуу болбош керек эле, ошого карабай сатып алды. “Центерра” Кыргызстанды мамлекет катары санабай, өз кызыкчылыгын издеп жатат. Бирден бир кызыкчылыгы акчанын баардыгы Кумтөр иштегендеги акчанын пайдасын, Канадага алып кетуу пайдасы болуш керек. Экинчи болсо, тиешелуу пайданы көрдүк, мындан аркы толугу менен Кыргызстандан кетсек да, мурунку пайданын үстүнө 1 млрд кошуп алып кетебиз деген ой болуш керек”, - дейт Экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев.

“Кыргызалтындын” өкүлдөрү болсо, “Центерранын” өкүлчүлүгүн күн тартибине коюлган маселелер боюнча, акталбаган мөөнөттөрдү берип жаткандыгына жана маселе менен таанышууга болжолдуу гана түрдө мүмкүнчүлүк берип койгондугун белгилеп жатышат.

Ал ортодо Центерранын директорлор кеңешинин жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн бири Брюс Вальтер буга чейин Канадада каржылык алдамчылык жана инсайдердик алып-сатуу боюнча айыпталып чыкты. Бул боюнча иликтөө 2013-жылдын февраль айында башталган. 

Вальтер дүйнөдөгү жана Канададагы темир кенин иштеткен ири «Баффинланд» компаниясында кеңешчи болуп иштеп жүрүп, инсайдердик жана жашыруун маалыматтарды колдонуп жаңы компания түптөгөн. Бирок укук коргоо органдары анын күнөөсүн далилдей алган эмес. Канадалыктар алардын тергөө органдары жана соттору АКШга караганда каржылык алдамчылык боюнча кылмыштарды иликтөөдө алсызыраак экенин моюнга алышат. 

Белгилей кетсек, Брюс Вальтер Центерранын директорлор кенешинин жана башкармалыгынын мүчөсү. Ал Центеррага 2009-жылы кыргыз тарап менен сүйлөшүүлөрдү жургүзүү үчүн чакырылган. Эмнес болсо дагы эми “Кыргызалтын” бул келишимдин коомчулук үчүн канчалык кызыкчылыгы бар экендигин иликтеп чыгат.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!WhatsApp +996551748118