Жаңылыктар
Төраганын жумуш сапары менен Баткен обулусунда
Кыргызстан жаңылыктары
Төраганын жумуш сапары менен Баткен обулусунда

Бүгүн Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков бир катар депутаттар жана Өкмөт мүчөлөрү менен Баткен обулусуна иш сапары менен барды. Облустун активи менен жолугушкан соң спикер баш болгон депутаттар жана министрлер Өзбекстандын сох анклавына көз карандысыз Айгүлташ-Согмент-Таян жолу менен таанышты.

Төрага Чыныбай Турсунбеков менен кошо Жогорку Кеңештин депутаттары Карамат Орозова, Таабалды Тиллаев жана бир катар министирлер облустун активи менен жолукту. Жолугушуунун алдында Чыныбай Турсунбеков сөз сүйлөп, укук коргоо органдарын реформалоонун маанисине токтолду.

"Эл арасында күч органдарына наразычылыктар көп болчу. Кайра кайра текшерүүлөрдөн улам ушундай реформага барууга туура келди. Айыл өкмөтөрүн көп текшерип, бири кетсе экинчиси келип дегендей… акырында мыйзамдар бузулган окуялар көп болгон. Муну токтотуш үчүн ЖКда атайын мыйзам иштеп чыканбыз. Президен т бул маселени коопсуздук кеңешинде акарап укук коргоо органдарына ишин чечкиндүү реформалоого барды.Бул кадам өзүнүн жакшы натыйжасын берет", - дейт Жогорку Кеңештин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков.

Жолугушуу суроо жооп менен уланды. Жергиликтүү калк көйгөйлүү болгон - жол, суу жана кен иштетүү жөнүндөгү маселелер

Чек ара, жер, суу жана жолго байланышкан көп маселер эл тарабынан айтылды. Ал эми эки саатын аралыгында айтууга үлгүрбөй калган көйгөйлөр Спикерге кат жүзүндө тапшырылды. 

Сох анклавына чектеш Чарбак айылындагы чек ара жанжалынан кийин Баткен районунун Куштут Кара-Бак, Дара айыл өкмөттөрүнүн 30 миңден ашык калкы ушул жол менен каттап калышкан. 2009-жылы Өкмөттөн 114 млн сом бөлүнүп, бирок 2013-жылы иши токтоп калган жол азырга чейин кароосуз. Анткени жол куруу мекемелеринин биринин да карамагына алынган эмес. 

Көп жылдан бери көйгөй болуп келген жол маселеси жеринде чечилди. Айгүлташ-Согмент-Таян жолун карамагына алгандыгын Унаа жана жол министри Замирбек Айдаров билдирип, тоолуктарды кубандырды.

Спикердин иш сапары Кадамжай районунда жана Кызыл-Кыя шаарында уланып, аймактардагы саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы курулуш иштери менен таанышты.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз  (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!WhatsApp +996551748118