Жаңылыктар
Курал-жаракты мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаран кармалды
Кылмыш
Курал-жаракты мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаран кармалды

ИИМдин БМЖКККнын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан курал-жарактарды мыйзамсыз сатууну көздөгөн жаранды аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган атайын операция ийгиликтүү аяктады. 

Аталган факт КЖБРге Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 253-беренесинде (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган. 

2021-жылдын  18-январында Жалал-Абад облусунун Кара-Кол шаарында аталган кызматтын  кызматкерлери «Арсенал»  ыкчам алдын алуу иш-чараларын өткөрүүнүн натыйжасында, Таш-Көмүр шаарынын тургуну 1994-жылы туулган М.Н. аттуу атуул ок атуучу сайлуу куралын жана беш даана 7,62 калибрлүү окторун сатууга аракеттенип жаткан учурда кармалган. 

Учурда соттук -баллистикалык экспертиза дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.