Жаңылыктар
Көркөм котормонун искусствосу
Маданият
Көркөм котормонун искусствосу

“Көркөм котормонун искусствосу”. Мына ушундай аталыштагы лекция Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада болду. Лекцияны Москва мамлекеттик лингвистикалык университетинин профессору Александр Бондарев окуду. 

Ал көркөм котормонун негиздерин кыргызстандык кесиптештерине айтып берип, тажрыйбасы менен бөлүштү. Ушул эле лекцияда орусиялык акын Вадим Муратханов өз ырларынын үзүндүлөрүн окуп берди. 

Лекцияга Кыргызстандагы агартуучулар, жогорку окуу жайлардын профессордук-окутуучулар жамааты, жазуучулар, акындар жана студенттер катышты. Эскерте кетсек, “Көркөм котормонун искусствосу” лекциясы Орусиянын Кыргызстандагы маданият күндөрү иш-чарасынын алкагында өттү.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118

Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118