Аламүдүн РИИБнө арызы менен Бишкек шаарынын 21-жаштагы тургуну К.И.кайрылган, арызында белгисиз үч баланын үстүнөн чара көрүүнү суранган, себеби 2021-жылдын 14-январь күнү саат болжолу менен 01:30 чамасында белгисиз үч бала, арыз ээсине күч колдонуп уур токмокко алып Хонда Фит маркасындагы унаасын ачык түрдө каракчылык жолу менен ээлеп алып иизин суутуп кеткенин билдирген.
Аталган факты Аламүдүн РИИБнүн маалыматты каттоо китебине катталган. Аталган фактысы боюнча төмөнкүлөр аныкталган: жабырлануучунун айтуусу боюнча 2021-жылдын 14-январь күнү такси кызматында иштеп жүргөн, иштеп жүргөн кезде Бишкек шаарында жайгашкан бир кинотеатрына такси кызматынан чакыруу түшүп, ал чакырууну кабыл алып ал жерге барып белгисиз жашы болжолу менен 25-жаштагы бала отуруп Бишкек шаарынын жаны конуштарынын бирине жеткизүүнү суранган, ал жакка жеткен учурда унаага дагы эки бейтааныш бала отуруп, кайрадан ошол эле кинотеатрына жеткизүүнү суранган, ал жерге жеткенде бейтааныш балдар Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылына жеткизүүнү суранган, жолдон кетип бара жатканда, айтан жерге жете электе айдоочунун уур токмокко алып, жабырланычууну артына отургузуп, колу бутун жип менен байлап кароосуз калган тамдын ичине таштап Хонда Фит автоунаасын жана уюлдук телефонун алып иизин суутуп кетишкен.
2021-жылдын 14-январь күнү Хонда Фит автоунаасы Аламүдүн районунун бир айылынан талаада табылганы белгилүү болгон. Аталган факты Аламүдүн РИИБнүн кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жаза Кодексинин 202-беренесинин негизинде, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 2021-жылдын 19-январь күнү ыкчам-тергөө аракеттердин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20-жаштагы С.А., 19-жаштагы А.Э., 18-жаштагы С.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.