Жаңылыктар
Бишкекте эркин күрөш боюнча өлкө чемпионаты өтөт
Спорт
Бишкекте эркин күрөш  боюнча өлкө чемпионаты өтөт

29-30-январь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары) Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча чемпионаты өтөт.

Чемпионат улуттук курама командаларды түзүү, спортчулардын спорттук чеберчилигин жогорулатуу жана өлкөнүн жаштарынын арасында эркин күрөштү  популяризациялоо максатында өткөрүлүп жатат.

Мелдеш UWW эл аркалык уюмунун бекиткен  эрежелеринин негизинде өтөт. 

Чемпионаттын уюштуруучулары: Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын эркин күрөш  федерациясы.

Спорттук иш-чара көрүүчүлөрсүз өтүп, баардык санитардык эрежелер сакталат!

Мелдештердин программасы:

Мелдештин башталуу күнү  – 29 январь саат 11:00до. 

Ачылыш аземи – 29 январь саат 17:00до.