Жаңылыктар
Аткаруу бийлиги быйыл экономикадагы туруктуулукту камсыздоого кандай иш планын даярдап жатат?
Экономика
Аткаруу бийлиги быйыл экономикадагы туруктуулукту камсыздоого кандай иш планын даярдап жатат?

Узаган жылда казынадагы тартыштык 19 млрд сом менен жыйынтыкталды. Ал эми келерки жылга карата дефицит сегиз жарым миллиард сом деп болжонду. Пандемия шартында өлкө экономикасы сегиз жарым пайызга төмөндөп кетти. 

Пандемия коомдук саламаттыкка гана эмес өлкө казынасына да катуу сокку урду. Өндүрүш ишканалары токтоп, салык чогултуу азайды. Узаган жылда да кирешеге караганда чыгаша арбын болуп, республикалык бюджет жыйырма млрд сомго тартыштык менен жабылды.